www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда бүгүн 14-мартта тик учак аварияга учурап, кеминде бир адамдын өмүрү кыйылганын Алыскы чыгыш аймагы боюнча транспорт прокуратурасы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, ичинде экипаждын үч мүчөсүн кошкодо 20 киши бараткан тик учак Магадан облусунда эртең менен кырсыкка кабылды, куткаруу-издөө иштери уланууда.

Тик учак калктуу пункттардан алыс аймакка түшкөнүн, ал жерге куткаруучу тик учак менен конуу оңой болбой турганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жергиликтүү бөлүмүнүн өкүлү Павел Клочков билдирди.

Росавиация жараат алгандардын абалы оор экенин маалымдады.

Кырсыкка тик учактын кыймылдаткычы иштебей калганы себеп болушу ыктымал экени, териштирүү башталганы, коопсуздук эрежелери бузулганы боюнча иш козголгону кабарланды.

Ми-8 тик учагы "Кварцевый конуу аянтчасы – Омсукчан аэропорту" маршруту боюнча учуп, алтын кенинде иштеген жумушчуларды ташып баратканы белгилүү болду.

Последние новости