www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиядагы кыргыз жараны Facebook'тагы посту үчүн кармалды

Орусияда жүрүп Facebook социалдык тармагындагы баракчасына мезгил-мезгили менен кастыкты козутуучу чагымчыл мүнөздөгү басылмаларды жарыялап турган Э.Б. аттуу кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Э.Б. карата Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы сырттан тандалган.

 6-сентябрында Э.Б. Орусиянын мыйзамдарын бир нече жолу бузууга жана Орусияга каршы иш-аракеттерди жүргүзүүгө байланыштуу Москва шаарынын Преображенский райондук сотунун чечими менен Кыргызстандын аймагына депортацияланган.

7-сентябрда Э.Б. КР Кылмыш кодексинин 330-беренесинин негизинде кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталып, УКМК өткөрүп берилди.

Учурда тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында сотко жөнөтүү боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости