www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев өлкө башчынын бир тууганы Сабыр Жапаровдун алтын куймалары менен тартылган сүрөтү боюнча комментарий берди. 

Социалдык тармактарга жарыяланган сүрөткө комментарий берип жатып, Султанбаев алгач ал 2016-2017-жылдары тартылганын билдирген. Ал жылдары эч ким медициналык беткап кийбегени айтылганда, Эрбол Султанбаев оңдоп: «Сүрөт эски экен, бул анык. Бирок жылдарын туура эмес жазып алыптырмын. Сүрөт боюнча толук маалымат кийинчерээк берилет», — деп жазган ал.

Политклиника сайтынын журналисттери сүрөт Түркиядагы Ahlatci Metal Refineri мунай иштетүүчү заводунда тартылгандыгын аныкташкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости