www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу "Азаттыкка" Москвадагы Кадамжай коомунун өкүлдөрү билдирди. Алардын ырасташынча, кырсыкта каза болгондордун арасында аталган райондун дагы бир тургуну дагы бар.

Айрым бир маалыматтарга караганда, Баткен облусуна караштуу Кадамжай районундагы Марказ айылынан болгон маркум жубайлардын артында үч баласы калды.

Буга чейин каргашада мерт болгон жарандардын төртөө Жалал-Абад облусунан экени белгилүү болгон.

Президент Садыр Жапаров Орусиянын Ульяновск облусунда 21-августта 14 кыргыз жараны мерт болуп, дагы үчөө жараат алган окуяга байланыштуу кайрылуу жасады. Анда 23-августту Кыргызстандын аймагында аза күтүү күнү деп жарыялаганын билдирди.

Маалыматтарга караганда, аварияга учураган кичи автобустагы кыргызстандыктар "кирди-чыкты" талабынан улам орус-казак чек арасына келип, кайра кайтып баратышкан. Учурда ооруканада жаткан кыргыз жарандарынын абалы оор.

Мерт болгондордун жакындары үчүн элчиликтин (+7 926 861 50 98, +996 551 312-000) атайын телефондору күнү-түнү иштеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости