www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай армиясы Чыгыш Кытай деңизинде суу астында жүрүүчү кайыктарга каршы машыгуу өткөрдү, деп билдирди Кытайдын борбордук телеканалы.

Маневрларга "Цзясин" жана "Шиян" кайгуул кемелери катышып, деңиздеги бутага чабуул коюу үчүн суу астындагы кайыктарга каршы, абадан жана ракетага каршы куралдар да колдонулган.

Кытай армиясы акыркы жолу мындай маневрларды 15-августта АКШ конгрессинин делегациясы Тайванга баргандан кийин өткөргөн.

14-августта сенатор Эд Марки башчылык кылган АКШ Конгрессинин делегациясы Тайванга эки күндүк визит менен келди. Марктан тышкары, Тайванга дагы 4 сенатор барган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости