www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров министрлер кабинетинин жана жеке өзүнүн атынан Россия Федерациясынын Ульяновск облусундагы жол кырсыгынан каза болгондордун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.

«Бүгүн сиздер менен жалпы кыргыз эли аза күтүүдө. Ар бирибиз бул суук кабарды жан кейип кабыл алдык. Ошондой эле биздин ой-санаабыз жана тилегенибиз учурда өмүр үчүн күрөшүп ооруканада жаткан үч жабырлануучуда. Аза кайгысын тең бөлүшүп, Министрлер Кабинети каза болгондордун жана жабыркагандардын үй бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтөрүн жана курман болгон мекендештерибиздин сөөгүн Кыргызстанга алып келүү үчүн бардык аракеттерди көрөрүн белгилеп кетким келет», - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Эске салсак, кечээ, 21-августта, жергиликтүү убакыт менен саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаевск районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости