www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия ИИМинин Ульяновск облусундагы башкармалыгы 16 адамдын өмүрүн алган кырсыктын чоо-жайы тууралуу маалымат берди.

Кырсык Москва — Рязань — Пенза — Самара-Уфа — Челябинск шаарларын бириктирген М-5 Урал трассасынын 807,9 чакырымында ( Николаевск району) болжол менен саат 13:30да катталган. Анда беш унаа кагышкан.

"DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа Mercedes 22360С кичи автобусту артынан келип сүзгөн. Мындай кагышуудан алдында токтоп турган DAF машинасына кадалып калган. Ал жүк ташуучу унаа алдында турган Chevrolet Cruze жана Renault Duster автокөлүктөрүн сүзгөн. Соңку төрт транспорт жол четинде токтоп турган", — деп айтылат аймактык полициянын билдирүүсүндө.

Айдоочулар тууралуу маалымат:

Кырсыкты шарттаган DAF — 64 жашта, айдоочулук тажрыйбасы 30 жыл, канынан анализ алынды;

Кичи автобус — 44 жашта, тажрыйбасы 22 жыл, канынан анализ алынды;

Кичи автобустун алдында турган DAF — 46 жашта, тажрыйбасы 24 жыл, соо болгон;

Chevrolet Cruze — 40 жашта, тажрыйбасы 19 жыл, соо болгон;

Renault Duster — 68 жашта, тажрыйбасы 39 жыл, соо болгон;

Ал эми кырсыктын келип чыгышынын себептери тууралуу маалымат берилген эмес.

Эске салсак, кечээ, 21-августта, жергиликтүү убакыт менен саат 14:00 ченде Ульяновск облусунун Николаевск районунда жүк ташуучу унаа токтоп турган маршрутканын артынан сүзүп 16 адам мүрт кеткен. Анын ичинен 14ү Кыргызстандын жарандары болуп чыкты. Микроавтобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда жанчылып калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости