www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери тергөө иш-чараларына катышуу үчүн Ульяновск районундагы кырсык болгон жерге жөнөп кетишти. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Тышкы иштер министрлиги каза болгондордун сөөгүн алып келүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

«Бирок бул соттук-медициналык экспертизадан өтүп, компетенттүү органдардан экспортко уруксат алгандан кийин ишке ашат», - деп билдирди Тышкы иштер министрлиги.

Ошондой эле Тышкы иштер министрлиги ачкан ишеним телефонуна каза болгондордун жакындары кайрыла баштаганы белгилүү болду. Министрлик азырынча байланышка чыккан жакындарынын так санын айта алышкан жок.

Эске салсак, кырсык 21-августта болгон. Ульяновск облусунун Николаев районуна караштуу Прасковино жана Новоспасское айылдарынын ортосундагы М-5 «Урал» унаа жолунда кыргызстандыктар менен кичи автобус эки жүк ташуучу унаанын ортосуна кыпчылып калган.

Аталган кырсыктан Кыргызстандын 14 жараны жана Орусиянын эки жараны каза болгону белгилүү болгон.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги каза болгондордун жакын туугандары жана жабыркаган Кыргызстандын жарандары үчүн +7 926 861 50 98 ишеним телефонун уюштурган. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинде да ишеним телефондору бар: +996 508 62 85 88, +996 551 31 20 00 (WhatsApp).

Президент Садыр Жапаров Орусиядагы кырсыктан каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн алып кетүүнү уюштурууну тапшырган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости