www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров Ульяновскинин жанындагы кырсыкта каза болгон мекендештердин сөөгүн Кыргызстанга жөнөтүү үчүн атайын учак уюштурууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Facebook баракчасына жазды.

Анын айтымында, бул боюнча тапшырма Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигине, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана «Манас» эл аралык аэропортуна берилди.

Мамлекет башчысы ошондой эле каза болгондордун бардык үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтты.

Эскерте кетсек, Орусиянын Ульяновск облусунда эки жүк ташуучу унаа кичи автобусту сүзүп, кырсыктын кесепетинен 14 кыргызстандык каза болгон. 

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости