www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Испанияга келген Украинанын качкындары экономикалык көйгөйгө байланыштуу мекенине кайтууга аргасыз болууда. Бул тууралуу РИА Новости L'Indépendant газетасына шилтеме берип жазды.
Басылманын маалыматына караганда, Испанияга 125 миң украиналык келген.
"Бирок украиналыктардын көбү артка кайтууну туура көрүүдө. Көнүп кетүү алар үчүн оор болууда. Айлык акы өтө төмөн, ал эми жашоо кымбат", — деп жазган газета.
Азыр Гранада шаарында 100дөй украиналык үй-бүлө экономикалык себептерден улам мекенине кетүүнү пландаганын, алардын абалына бийлик көңүл бурбагандай мамиле кылып жатканы айтылат.
Газета 42 жаштагы украиналык Юрий Блаженецтин окуясын мисал келтирген.
"Мен бул жакта жашап кете албайм. Тапкан акча батир акысын төлөп, тамак сатып алганга араң жетет", — деген ал.
Украиналык качкындардын жайгашышы Европанын бир катар мамлекеттеринде маселе жаратып жатканы белгиленет. Мисалы, каражаттын айынан франциялык үй-бүлөлөр мурдагыдай өздөрүнө качкындарды батырып алуудан баш тартууда, ал эми Италияда Украинадан келгендерди ачык эле кубалап жатышат.
Булак: NazarNews.kg