www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиялык 19 жаштагы кыз Мьянмадагы эмгек кулчулугунан качып, дарыя аркылуу коңшу Таиландга өткөн. Бул тууралуу SHOT басылмасына шилтеме берүү менен Life.ru жазды.
Маалыматка ылайык, чек арадагы Мэ Сай шаарында жергиликтүү тургундар супермаркеттин жанынан катуу сабалган кызды таап, ооруканага жеткиришкен.
Мария полицияга жакшы жумуш сунушталганын, алгач Орусиядан Кытайга, андан кийин Мьянмага алып барылганын айтып берген. Ал жакта кыз физикалык зомбулукка кабылган. Полиция анын скам-борборлордун биринде иштеген болушу мүмкүн деп эсептейт.
Мария дарыядан өтүп качып чыгып, андан соң унаа менен супермаркетке жеткен. Учурда ал катуу стрессте экени, коркуп, ыйлап жатканы айтылууда. Кыз иштеген компаниянын атын айтуудан баш тарткан.
Таиланд полициясы Марияны кайтарууга алып, окуя боюнча иликтөө баштады. Орусиянын Таиланддагы элчилигине да маалымат берилди.
Скам-борборлор — адамдарды телефон, мессенджерлер же интернет аркылуу алдоо менен системалуу түрдө алектенген уюшкан жайлар.