www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Ички иштер министрлиги (ИИМ) жакында Москва аэропортторунда мигранттардын бармак издерин алып (дактилоскопия), аларды сүрөткө тарта баштайт. Бул тууралуу ТАСС агенттиги ИИМдин Миграция башкармалыгынын жетекчиси Валентина Казаковага шилтеме кылып жазды.

"Тилекке каршы, азырынча чек араларда дактилоскопия иши жүргүзүлбөйт. Бирок Москва бийлигинин сунушу менен биз жакында бул жараянды баштайбыз деп ойлойм. Ошондо гана маалыматтарын өзгөртүп келгендер Орусиянын аймагына кире албай калат", - деди Казакова.

Ал Орусияга кирген эмгек мигранттары 2021-жылдын соңунан бери милдеттүү түрдө манжа издерин тапшырып, медициналык кароодон өтүшү керек экенин эске салып, мунун жыйынтыгында эки миңден ашуун кылмыш иштин бети ачылганын кошумчалады.

2021-жылдын 29-декабрынан тарта үч айдан ашуун убакытка келген чет элдиктер бармак изин тапшырып, баңгиликке берилбегенин, инфекция жок экенин, ВИЧ менен оорубаганын ырасташы керек.

Казакованын айтымында, Орусияда жалпысынан 6,5 миллионго жакын чет өлкөлүк болсо, анын 4 миллиону дактилоскопия процедурасынан өткөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости