www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын алдыңкы ЖМК өкүлдөрү Кыргызстанга келди

Кыргызстанга Орусиянын алдыңкы жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнөн турган делегация таанышуу иш сапары менен келди.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, пресс-турдун программасы эки өлкөнүн медиа коомчулугунун өкүлдөрүнүн ортосундагы кесиптик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө, өз ара ишенимди чыңдоого жана Кыргызстан менен Орусиянын элдерин мындан ары жакындаштырууда ролду ойногон коомдук дипломатияны өнүктүрүүгө багытталган.

Республикада болуунун жүрүшүндө орусиялык журналисттер өлкөнүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын ишмердүүлүгү, мамлекеттик маалыматтык саясат чөйрөсүндөгү заманбап ыкмалар менен таанышат. Ошондой эле өлкөнүн табигый жана туристтик объектилерине барууну караган маданий-таанып билүү программасына катышышат.

Буга чейин Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Азербайжандын жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн ушундай эле таанышуу иш сапарлары уюштурулган.

Пресс-турга орусиялык «Первый канал», «Россия 1», НТВ, RT, МИЦ «Известия», МТРК «МИР», ТАСС, «Россия сегодня», «Интерфакс», «Московский комсомолец», «Комсомольская правда» жана URA.RU сыяктуу ММК өкүлдөрү катышууда.

Последние новости