www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын "Роскомсвобода" мекемеси казакстандык Arbat.media басылмасынын сайтын бөгөттөдү.

Орусияда тыюу салынган сайттардын тизмесинде Arbat.media кайсыл мамлекеттик органдын демилгеси менен бөгөттөлгөнү көрсөтүлгөн эмес.

Басылманын башкы редактору Сырым Иткулов сайттын Орусияда бөгөттөлүшүн "сыймык" деп атады.

"Биз аскердик цензурага кабылып, Орусиянын аймагында тыюу салынган алгачкы казакстандык ЖМК болуп калдык. Биз үчүн бул сыймык. Бул бизди окушат, көрүп жатышат дегенди билдирет. Дагы бир учур: биздин сайттын аудиториясынын 40 пайызын орусиялыктар түзөт. Буга биз өзүбүз да таң калып турабыз. Орусияда көптөгөн сайттар бөгөттөлгөндөн кийин алар өздөрү жөнүндө биздин сайттан окуп жатышкан окшойт", – деди Иткулов.

Ал Орусиянын бийлиги Arbat.media'ны "жакшы жарнамалап бергенин" белгилеп, орусиялыктар сайтты мындан ары да VPN аркылуу окуй берет деген божомолун билдирди.

Өткөн жылы ноябрда Орусиянын "Роскомнадзор" мекемеси Украинадагы согуш тууралуу макаланы өчүрүү талабы менен Arbat.media'га кат жөнөткөн. Анда кеп "Орус оккупанттары Харьков облусунда утулуп жатат, бирок аны моюнга алгысы келбейт" деп аталган материал жөнүндө болуп жатканы кабарланган. Быйыл 31-январда басылма орус армиясы жөнүндө жалган маалымат таратуу ишине байланыштуу Владимир шаардындагы райондук сотко чакыруу алган. Arbat.media'га каршы сотко Орусия армиясынын 19-аскердик прокуратурасынын аскердик бөлүгү арыз менен кайрылган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча комментарий берип, Орусияда кайсы бир ресурсту бөгөттөө боюнча чаралар Орусиянын ички мыйзамдарына негизделгенин, алар Казакстандын аймагында юридикалык күчкө ээ эмес экенин билдирген.

Орусия Украинага кол салгандан бери "Роскомнадзор" Аrbat.media'дан тышкары "Власть", Informburo.kz, Ratel.kz жана Newtimes.kz басылмаларына Украинадагы согушка байланыштуу материалдарды өчүрүү талабы менен каттарды жөнөткөн.

Казакстандагы сөз эркиндигин коргоо уюмдары "Роскомнадзордун" дооматтарын цензура жана Орусиянын ичинде башталган маалыматтык согуштун бир бөлүгү деп атап келишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости