www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшадагы Орусиянын элчиси Сергей Андреевге Варшава шаарындагы советтик жоокердин мүрзөсүнө барганда кол салынган факты боюнча РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова Telegram аккаунтунда билдирүү кылды.
Белгилей кетсек, Орусиянын Польшадагы элчиси Сергей Андреев Варшавадагы аскердин мүрзөсүнө гүл коюуга барганда бети-башына кызыл түстөгү боёк чачып, кол салышкан. Бул окуядан кийин дипломат полиция кызматкерлеринин коштоосу менен жаалдангандар келип алган мүрзөдөн кетүүгө аргасыз болгон.
"Неонацизмдин күйөрмандары бул сапар өзүнүн чыныгы жүзүн ачышты. Анын кандуу экенин да көрсөтүштү. Экинчи дүйнөлүк согуштун баатырларынын эстелигин талкалоо, мүрзөлөрдү кордоп, эми абийирдүү, кадимки адам үчүн ыйык деп эсептелген курман болгондорго гүл коюу иш-чарасын үзгүлтүккө учуратуу ансыз да белгилүү болуп турган Батыштын фашизмди жандандырууга багыт алгандыгын далилдеп жатат. Бирок, жогоруда белгилеп кеткендей, бизди эч ким коркута албайт", — деп жазган Захарова.
ТИМ өкүлү "Европанын жашоочулары өзүнүн кебетесин күзгүдөн көрсө, корксо керек" деп кошумчалаган.
Эске салсак, Польшаны фашисттерден куткаруу учурунда советтик 477 миң жоокер курман болгон.
Булак: NazarNews.kg