www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын Тергөө комитети "Вагнер" жеке акскердик компаниянын негиздөөчүсү Евгений Пригожиндин жана башка командирлеринин өлүмүн тастыктады.

«Тверь облусунда болгон учак кырсыгын иликтөөнүн алкагында молекулярдык-генетикалык экспертизалар аяктады. Алардын жыйынтыгы менен каза болгон 10 адамдын бардыгынын өздүгү такталды, алар Росавиация жарыялаган жүргүнчүлөрдүн тизмесине туура келет», - деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери РФнын Тергөө комитетинин Башкы тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.\

Белгилей кетсек, 23-августтун кечинде Тверь облусунда Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары күйүп кеткен. Росавиация жарыялаган жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин аттуу киши болгон. 

24-августтун таңында куткаруу иштери аяктаганы, кырсык болгон жерде он кишинин сөөгү аныкталганы кабарланан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости