www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия аскерлеринин украин чек арасына жакын жерге топтолушу – акыркы апталарда АКШда мунай баасынын токтоосуз кымбаттоосу менен коштолду. Ушул тапта баа соңку жети жылдагы эң жогорку көрсөткүчкө жетти.

Орусиянын Украинага кол салуу ыктымалдуулугу АКШнын президенти Жо Байден менен Демократиялык партия үчүн олуттуу саясий көйгөйгө айланышы мүмкүн. Америкалык эксперттер күйүүчү майдын кескин кымбаттоосу кол салуунун негизги кесепеттеринин бири болуп калышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

АКШда бензин бир жылда 40 пайызга, акыркы айда болсо 6 пайызга жогорулаган. Ушул тапта өлкөдө бир литр бензиндин наркы орто эсеп менен бир доллар турат. Эгер орус-украин жаңжалы курчуп кетсе, Орусиядан мунай ташуу үзгүлтүккө учурашы мүмкүн.

АКШнын президенти Жо Байден шейшембиде сөз сүйлөп, анын администрациясы бензиндин баасын турукташтыруу үчүн бардык инструменттерди колдоно турганын айтты.

Бирок өкмөттүн жакынкы келечекте бензиндин баасын төмөндөтүү боюнча мүмкүнчүлүгү жок. Былтыр ноябрь айында рынокко мамлекеттик стратегиялык запастан түшкөн мунай баанын өсүшүн бир нече жумага токтотуп турууга гана жеткен. JPMorgan банкынын адистеринин божомолунда, мунайдын бир баррелинин баасы 125 долларга чейин өсүшү мүмкүн.

Сурамжылоолорго караганда, америкалыктардын 85% азык-түлүк жана бензин сезилерлик кымбаттаганын белгилешкен. Респонденттердин 10% кымбат бензин жана отун – өкмөт чече турган негизги көйгөй экенин айтышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости