www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Ош» бажысында тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн субъекттери, бажы өкүлдөрү жана жеке жактар менен жолугушуу өттү.
Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады.
Жолугушууга МБКнын Ички иликтөөлөр башкармалыгынын Түштүк аймагы боюнча Ички иликтөөлөр бөлүмүнүн кызматкерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө бажы мыйзамдарын сактоо, коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу жана бажы органдары менен бизнес өкүлдөрүнүн өз ара кызматташуусун жакшыртуу маселелери каралды.
Өзгөчө көңүл пара берүүгө жана алууга жол берилбестигине бурулду. Катышуучуларга мыйзамга ылайык пара берүүчү да, алуучу да кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылары түшүндүрүлдү.
Ошондой эле бажы кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын мыйзамсыз талап кылуу фактылары аныкталган учурда ички коопсуздук бөлүмдөрүнө дароо кайрылуу зарылдыгы эскертилди.
Мындан тышкары, бажы өкүлдөрүнүн эсептик маалыматтарын коопсуз пайдалануу маселеси талкууланды.
Логин жана сырсөздөрдү үчүнчү жактарга берүүгө, ошондой эле аларды тиешелүү ыйгарым укугу жок адамдардын пайдалануусуна жол берилбестиги айтылды.
Жолугушуунун жүрүшүндө бизнес өкүлдөрү бажылык башкарууга байланыштуу суроолорун берип, сунуштарын билдиришти.
Жыйынтыгында тараптар бажылык башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу, мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана коррупциянын алдын алуу багытында ачык диалогду улантууга макулдашышты.