www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош мэриясынын маалымат кызматы калаада балдар өлүмү көп катталууда деген билдирүүнү төгүндөдү.

кечээ, 18-февралда Facebook тармагынын Ахрор Иминов аттуу колдонуучусу Ош шаарына жакын жердеги көрүстөнгө жаш балдар көп коюлуп жатканын, бир жуманын ичинде эле 20 бала жерге берилгенин айткан. Ага таянып маалыматты айрым ЖМКлар дагы жазган.

Ал эми Ош шаардык балдар ооруканасынын башкы дарыгери январь айынан бери балдар өлүмү катталбаганын билдирди.

«Интернетте тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ушул жылдын январь айынан баштап ар түрдүү оорулар менен 356 бала ооруканадан дарыланып чыккан. Өлүм катталган эмес. Пневмония менен ооруган балдардын саны былтыркыга салыштырмалуу аз. 356 бейтаптын ичинен 98 бала пневмония болгон. Ал да коронавируска байланыштуу пневмония эмес», — деп айтылат маалыматта.

Ал эми акыркы 10 күндүн ичинде 14 жашка чейинки балдар арасында 56 бала пневмония болуп, өлүм катталбаганы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости