www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
РФтин Агартуу министрлигинин «Орусиянын мугалими чет жерде» аттуу гуманитардык долбоорунун алкагында Ошко педагогдордун делегациясы учуп келди. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилигинен билдирди.
РФтин Оштогу башкы консулу долбоордун катышуучуларын тосуп алса, Россотрудничествонун өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Василий Алексеев мугалимдерге окуучулар менен биргелешкен иш-чараларга активдүү катышууну сунуштаган.
Аталган долбоор Кыргызстанда 2019-2020-окуу жылдары старт алган. Анда Ошко орус тили жана адабияты, математика, башталгыч класстын 17 мугалими келген. 2020-2021-окуу жылында алардын саны 29га өскөн. Окуу жылынын башталышында педагогдор Оштун мектептерине бөлүштүрүлгөнү айтылды. Бирок карантинден улам сабактар онлайн форматында өткөн.
Эпидемиологиялык кырдаал жакшыргандан кийин педагогдордо түштүк аймакка келүү мүмкүнчүлүгү пайда болгон. Кийинки жылы Россиядан келген мугалимдер Бишкек шаарына жана өлкөнүн түндүк аймактарына бөлүнө турганы кошумчаланды.
Булак: NazarNews.kg