www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда кышка даярдык боюнча иштер 68%га аткарылды

Бүгүн, 28-сентябрда Ош облусунун 2022-2023-жылдын күз-кыш мезгилине даярдыгы боюнча облустук штабдын жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов, өкүлдүн биринчи орун басары, райондук мамлекеттик администрация башчылары, Ош электр тармактар ишканасынын жетекчилиги жана тиешелүү кызмат өкүлдөрү катышты.

Жыйында Ош облусундагы кышка даярдык боюнча аткарылып жаткан жумуштар, медициналык жана билим берүү мекемелеринин кышка даярдыгы, электр тармагындагы аткарылуучу иштер жана пландар талкууланды.

Ош облусунун башчысы тиешелүү кызматтардын кышка даярдык алкагында аткарып жаткан иштери тууралуу маалыматтарды угуп, 20-октябрга чейин Ош облусундагы медициналык жана билим берүү мекемелерин көмүр менен 100% камсыз кылуу, октябрь айынын аягына чейин электр тармагындагы жумуштарды аткаруу боюнча тапшырмаларды берди.

Мындан сырткары, Ош облусунун аймагында арзан баада көмүр сатуучу социалдык көмүр базалар ачылаары белгилүү болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости