www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош окуясы чыккан маалда Убактылуу ѳкмѳттʏн Коргоо министри туулган күнүнө той ѳткѳзʏп, мамлекет жетекчилери той ʏстʏндѳ чалчактап, “тансы” тээп турган убак болгон. Эске салсак ошол тойго кеткен чыгымдар эмгиче төлөнбөй, ресторан ээсинин көздөрүнөн жаш төгүлүп жүрөт. Ошол кезде  Ош, Жалал-Абадда жарандар кырылып жаткан... Эӊ биринчилерден болуп Оштун мэри Мелис Мырзакматов ДЗОТко тѳшʏн тосуп, тѳгʏлʏп турган канды кечип, атылган октон жалтанбай, эки элди жараштырып жʏргѳндѳ Атамбаев каякта эле?  Ошол мезгилдеги кʏч органдарын жетектеп турган Кубат Байболовдун айтуусунда: “Атамбаев июнь окуялары башталганда 7 кʏн боюу “Форумда” бекинип жатып алган”. “Таппасаӊ сыйпалап кал”,  мамлекеттеги экинчи адам, мамлекет согуш абалында турса 7 кʏн эмес, 7 мүнөт жок болуп кетсе, Сталин чекеге аттырып салмак. Отунбаева Сталин эмес, бирок, эмне себептен ушундай оор кырдаалдарда жок болуп кеткени ʏчʏн Отунбаева жок дегенде биринчи орун басарына сѳгʏш бербеди? Кагылайын калыӊ журт, калк башына кʏн тʏшкѳндѳ, кандай журт ээси башын калкалап жатат? Бул жерде эки версия бар. Биринчиси, той учурунда “высокопоставленный” мамлекеттик жетекчи ашыкча “майрамдап” алып, “психикалык комага” тʏшʏп калышы толук мʏмкʏн. Невропатологдордун айтуусунда алкоголдук ичимдиктен соӊ “психикалык комага” тʏшкѳндѳр (орусча “запой”),  бул “оорудан” айыгуу ʏчʏн туура 7 кʏн керек. Экинчиси, Ош окуяларын угуп алып, эл тынчыганча коркуп 7 кʏн бекинип жатты. Эгер андай болсо эл кечирбейт, эл башына кʏн тʏшкѳндѳ жашынып жатып алганы  болбойт. Бирок, ушундай “каармандыгы”  ʏчʏн  президент Отунбаева кечирмек түгүл “Манас” орденин тапшырып койгонун эл жактырган жок, андан көрө сөгүш берип койсо болмок. Баса, Ош окуясы учурунда от менен чокту кечип жүргөн Мырзакматовго “Манас” орденин бермек түгүл жакшы сөз ыраа кылышкан жок. Ал жалпы элге дух берип, кыргызга кастыгын тилеп тургандарды тынчтандырган. “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде”-дейт, Мырзакматовго окшогон эр жигиттер бекинип жатып алганда, анда эмне болот эле? Жок, Мелис мырза кантип жатып алсын, элди чатакташтыруу оӊой, ал эми чатакташкан элди жараштыруу Мырзакматовго окшогон жигиттердин колунан гана келмек. Жашынып жатып алган Атамбаев эки элди жараштырам деп барса, аны кѳчʏккѳ тээп кубалап чыкмак. Элди жараштыруу ʏчʏн, эл арасында Мырзакматовдой кадыр-баркы болуш керек. Мырзакматовдун мындай эрдиги ʏчʏн жогорку наам кѳрсѳтʏшʏ керек эле. Жок, “Жоо кеткенден кийин кылычыӊды ташка чап”.

“Тѳѳ кыядан ѳткѳн” соӊ, кыргыз ʏчʏн кыпындай иш бʏтʏрбѳй, жашынып жаткан Атамбаевге “Манас” орденин беришип, ал эми Мелис Мырзакматовдун артынан аӊдып жʏрʏшʏп, акыры Оштун мэринен мыйзамды бузуп алып тынышты. Аны менен жөн калган жок эл кыйналып турганда Ош мэри болуп туруп айлыгын көтөрүп жибергени үчүн кекенип калгандар анын артынан куугунтуктап жүрүп, сыртынан жети жылга кесип тынышты.

Бакиевдик бийлик алмашканда борборубуз Бишкектеги бийлик “канталамайга” түшкөн. Түштүктө Ош мэри болуп турган Мырзакматов Убактылуу Өкмөттүн бийлигине баш  ийбей тѳрт жылга жакын убак Ош шаарын жетектеп турду. Мына жакында ошол мезгилде төрөлгөн балдар он экиге чыгышат. 2010-жылы биздин аталарыбыз эмне ʏчʏн курман болушкан деп суроо беришсе ким жооп бере алат? Атамбаев эмне деп жооп берет?  Кулов китебинде жазып жаткандай Атамбаев “Мен бийликке жетиш ʏчʏн миӊ адамды курмандыкка салайын дегем.“ – дейби, же чындыгын айтабы: “Силердин атаӊар мен бийликке жетиш ʏчʏн каза болгон. Мен бийликке келдим, бирок эч нерсе ѳзгѳрбѳгѳнʏн мойнума алам, Бакиевдин ордун гана мен алмаштырдым, калган эч нерсе ѳзгѳргѳн жок”-дейби?

Мырзакматов  тѳрт жыл ичинде Ош шаарында мэр болуп туруп шаардыктар ʏчʏн жеӊин тʏрʏнʏп иштеп берди. Татыктуулуугу элди ойлоду. Калыстык менен ʏйʏ ѳрттѳнгѳндѳргѳ ʏй салынып берилди, мэрдин аталык камкордугуна кабылган Ош шаарынын тургундарына башка бардык кыргыз мамлекетинде жашагандар суктанса болот. Отунбаеванын бийлиги учурунда колго алынып даярдалган мыйзам боюнча бир жолу бюджетте айлык акыны кѳтѳрʏлгѳн. Болду. Атамбаевдин бюджети айлык акыны кѳтѳрʏʏгѳ келгенде “уктап калчу”. Ал эми инфляция деген киспуруш уктабайт экен да. Бул “жетим” инфляция кыргыздарга ѳчѳшʏп алды, кʏн сайын эмес, саат сайын албууттанып ѳсʏп баратат. Мырзакматов мэр болуп турганда инфляциянын ѳсʏшʏнѳ жараша бюджеттен айлык акыны кѳтѳрʏп турду. Ош шаарына Кыргызстанда жок эстакада кѳпʏрѳнʏн курууну ойлогон. Аны аягына чыгарбай мэрлик кызматтан сʏрʏп салышып, Ош –Бишкек жолунан, Ош-Жалал-Абад  курулушунун эсебинен чирип байыган “мамлекеттик деӊгээлдеги прораб” ошол мезгилдеги өкмөт башчы Жантѳрѳ Сатыбалдиев кийин ТЭЦке кол салганын мойнуна алып “сыз” жерге отуруп келди. Ошол кездеги биринчи вице-премьер Аалы Карашев деген ким президент болсо тоңколоңдоп кызмат кылып, анын атаандаштарына “өлүм” тилеп жүрдү, атасы мурунку атка минер мас абалында машинасы менен элди кумурскадай тебелеп кете берчү. Балким Мырзакматов тендер ѳткѳзʏш ʏчʏн ошол кездеги вице-премьер “тендербай” Сарпашевге “долясын” бербей койгондур. Сарпашевдин “Градиент” фирмасы Бишкектин мэри ѳткѳргѳн тендерлерди бʏтʏн жеӊип, шаардагы  жол, кѳпʏрѳлѳрдʏ курчу. Эмне ʏчʏн Мырзакматов ѳзʏн-ѳзʏ билип, ѳтʏгʏн тѳргѳ илип Сарпашевге тендер ѳткѳзбѳй эстакада куруш керек эле? Мына Сарпашевдин “Кумтѳргѳ” мотор майларын ташып келʏʏ боюнча тендерди утуп алганын. Мурунку тогуз тендерди жеӊип алганын эсептебей эле коёлу. Ошол кезде Бишкек мэриясы тарабынан уюштурулган кѳчѳ ремонттоо боюнча тендерди утуп, тʏрк кредитинин эсебинен 86 млн.сом сомду тууралаган. Анан 11 млн. 902 миӊ сомго дагы бир Бишкектеги кѳчѳгѳ асфальт тѳшѳѳ милдети тендер аркылуу “Градиентке” жʏктѳлгѳн. Кыскасы бир жыл ичинде “Градиент” Бишкек мэри аркылуу ʏч кѳчѳнʏ оӊдоп, Бишкек  мэриясына мотор майлар менен камсыз кылган. Анан Нарын мэрин торуп 8 млн. 862 миӊ 600 сомго 1.5 км аралыктагы жолду оӊдоо тендерин да утуп алып жатпайбы. Ал эми Оштун мэри Мырзакматов Сарпашевди тоготпой тендерге катыштырбай койгону ʏчʏн, Сарпашев Ошко жылаӊайлак чуркап жʏрʏп, Мырзакматовдун мэрлик кызматына кѳр казып атпайбы. Мырзакматовду кетиришип “кол бала” мэр Кадырбаев келген, Сарпашев тилеген максатына жетип, аны коколоп канча пайда көрдү экен?  

(уландысы бар)

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости