www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Финансы министрлигинде жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө республикалык бюджеттин аткарылышы боюнча маселелер талкууланды.

Белгиленгендей, үстүбүздөгү жылдын апрель айында социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акысынын өлчөмү жогорулашы, ошондой эле жакынкы айларда айрым социалдык жөлөкпулдардын өлчөмүн жогорулатуу күтүлүүдө. Бул максаттарга мамлекеттик чыгымдардын көбөйүшүн, ошондой эле өлкөдө жана дүйнөдө түзүлүп жаткан экономикалык кырдаалды эске алуу менен кеңешменин катышуучулары кризиске каршы чараларды талкуулашты.

Кеңешменин жыйынтында Финансы министрлигине бир катар тапшырмалар берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости