www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарында опузалап акча талап кылган блогер кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-июнь күнү милицияяга Ош шаарынын тургуну С.И. аттуу жаран арыз менен кайрылып, өзүн блогер деп тааныштырган Ж.Г. аттуу жаран (аял киши) акча опузалап талап кылып жатканын маалымдаган.

Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Суу районунун тургуну 1993-жылы туулган Ж.Г. аттуу жаран арыздануучудан 2024-жылдын март айынан тартып, социалдык баракчаларыма сиз жетектеген кызмат жөнүндө терс көрүнүш чагылдырамын деп опузалап коркутуп, бир нече жолу акча каражатын алганы, андан сырткары IPad үлгүсүндөгү планшет талап кылганы аныкталган.

Топтолгон материалдын негизинде КР Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап талап кылуу" беренесинин негизинде кылмыш иш козголгон.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-тергөө жүргүзүп, Ж.Г. аттуу аял 50 миң сом акча алып жаткан жеринен кармалган.

Кылмышка шектүү болгон Ж.Г. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмыш иши боюнча тергөө уланууда

Последние новости

ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!
ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!
1057
02.07.2024 13:11