www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ноокатта селдин кесепетинен каза болгондордун саны 9 адамга жетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ноокат районундагы Абшыр-Ата айылында издөө иштеринин негизинде жаш баланын сөөгү табылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Учурда анын өздүгү такталууда.

"Бүгүн издөө иштерине ӨКМден 11 куткаруучу тартылган. Жалпысынан жеринде 53 куткаруучу иштеп жатат. Мындан сырткары, ИИМден 120, Коргоо министрлигинен 50 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 150 адам кошулган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин сегиз адам каза болгону белгилүү болгон.

Эскерте кетсек, 28-июнда саат 16:10дор чамасында Ноокат районунун Апшыр-Сай сайынан сел жүргөн. Анын кесепетинен көпүрөлөр, жолдор жана электр объектилери жараксыз абалга келген. Апшыр-Ата эс алуу жайына жана Кезарт жайлоосуна баруучу жолду сел алып кеткендиктен, эс алууга чыккан 1400 адам түшө албай калган. Күн мурун ал жактан жалпы 1400гө жакын адам эвакуацияланды.

Последние новости

ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!
ИЗДӨӨ САЛАБЫЗ!
2914
02.07.2024 13:11