www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2023-жылдын 17-21-май күндөрү ордолуу Ош шаарында Дүйнө элдеринин эпосторунун эл аралык VII фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жетинчи ирет өтө турган дүйнөлүк фестиваль Кыргыз Эл Баатыры, кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жана казак элинин улуу жазуучусу, көрүнүктүү окумуштуу, коомдук ишмери Муктар Ауэзовдун 125 жылдыгына арналат.

Иш-чара кыргыздын тарыхын, философиясын, дүйнө таанымын жана руханий маданиятын камтыган, атуулдукту, достукту, руханий эркиндикти даңазалаган жана кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышына жана чыңдалышына жаратмандык ролду ойногон кыргыз элинин кайталангыс эпикалык мурастарын, каада-салтын, өнөрүн сактоо, өнүктүрүү максатында өтөт.

Бүгүнкү күндө даданий иш-чарага Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Азербайжан, Түркия, Армения, Иран, Пакистан, Франция, Швеция, Испания, Япония, Монголия, Америка, Беларусь, Эстония, Латвия, Индия, Абхазия, Россия Федерациясынын субьектилери Башкортостан, Алтай, Тыва, Саха-Якутия, Хакасия, Сибирь, Калмыкия жана Чечен Республикаларынын өкүлдөрү катышуу ниетин билдирди.

КР президентинин колдоосу менен өтө турган быйылкы фестиваль Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги, "Арт Араба" коомдук фонду тарабынан координацияланат.

Фестивалдын негизги өнөктөштөрү КМШга мүчө мамлекеттердин Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду, Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фонду, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги жана Ош шаарынын мэриясы болуп саналат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости