www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга шектүү мамлекеттик кызматкерлер кармалды, деп билдирди Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 17-июлда.
Расмий маалымат боюнча, 2022-жылдын декабрь айынын башында Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын, Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери муниципалдык менчик башкармалыгынын карамагындагы жер тилкесин үй куруу үчүн жеке тарапка каттап беришкен. 2022-жылдын декабрь айынын аягында жер тилкеси үчүнчү тарапка 450 000 сомго сатылган.
2025-жылдын 27-июнундагы көз карандысыз баалоо компаниясынын корутундусуна ылайык, жогорудагы жер тилкенин баасы 5 420 000 сомду түзгөн. Бул факт боюнча 2025-жылдын 2-июлунда Ош ШИИБи тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмүнүн (кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголду.
14-июлда кармалган шектүүлөр:
Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинин Ош филиалынын бөлүм башчысы А.Τ.;
жетектөөчү адис А.Т.;
адис К.А.;
филиалдын мурдагы жетекчиси И.С.;
шектүү жаран М.И.
Шектүүлөр камакка алынып, тергөө жүрүп жатат.