www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто төрт жетекчи аттестациядан өтпөй калды. Алар кимдер?

Ошто жетекчилик кызматтагы төрт адам аттестациядан өтпөй калды. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусунун жергиликтүү мамлекеттик райондук администрация башчыларын алардын орун басарларын аттестациялоо иши аяктады. Республикалык аттестациялоо комиссиясы 24 мартта аттестациялоону жыйынтыктады.

Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 18 талапкерден 1 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу, аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.

Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

  1. 1 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, кызмат боюнча көтөрүлүүгө сунуш кылынат:
  2. 13 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет:
  3. 4 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.

Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча өкмөткө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет. Кийинки аттестациялоо бекитилген графикке ылайык башка облустарда өткөрүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости