www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Финансы полициясынын мурдагы башчысы Сыймык Жапыкеев "Финансы полициясынын генерал-майору" наамы президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен ыйгарылган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы айрым маалымат булактарына билдирген. 

Буга чейин айрым ЖМКларда Жапыкеевге генералдык наам берилгени боюнча ар кандай маалыматтар айтылган. Ал арада президенттин маалымат катчысы Галина Байтерек Финполдун экс-башчысына жогорку наам берилген-берилбегенин билбегени коомчулуктун кызуу талкуусуна түштү.

--"Кыргыз Республикасынын "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" мыйзамынын 15-беренесине ылайык, Финансылык полиция кызматкерлерине "Финансылык полициянын генерал-лейтенантына" чейинки атайын наамдар ыйгарылат.

Ошол эле учурда "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө" мыйзамдын 17-беренесине ылайык, укук коргоо органдарынын жогорку башкаруучу курамынын кызмат орундарынын жана аларга тиешелүү атайын наамдардын тизмеси өлкө башчысы тарабынан бекитилет.

Ушунун негизинде президенттин жарлыгы менен мамлекеттик органдардын жетекчи кызмат орундарынын жана тиешелүү жогорку атайын класстык чендердин жана атайын наамдардын тизмеси бекитилген.

Бул жарлык менен Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (ЭККМК) төрагасына "Финансылык полициянын генерал-майору" (эң жогорку наам "Финансылык полициянын генерал-лейтенанты") жогорку атайын наамы каралган.

Булак: NazarNews.kg


 

Последние новости