www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто 10дон ашык сулуулук салон, тиш дарылоочу борбор жабылды

Ош шаарында санитардык талаптарды аткарбаган 10дон ашык сулуулук салон, тиш дарылоочу борбор жана медицианлык дарылоо бөлүмү жабылды. Бул тууралуу шардык мэриядан билдиришти.

Мэриядан белгилешкендей, жарандардын кайрылууларынын негизинде калктын саламаттыгын коргоо боюнча координациялык жумушчу топ соода жайлардын санитардык-эпидемиологиялык, ветеринардык-санитардык ченемдердин жана эрежелердин сакталышы боюнча рейд уюштурулууда.

"Рейддин алкагында аныкталган мыйзам бузуулардын натыйжасында 5 сулуулук жана косметологиялык салон, 4 тиш дарылоочу борбор жана 5 медициналык дарылоо бөлүмдөрү жабылып, санитардык талаптарды сактабагандарга жеринде тиешелүү актылар түзүлүп, эскертүүлөр берилди", — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, рейдге Ош шаарынын мэриясынын тиешелүү бөлүмдөрүнүн, Ош шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун, ветеринардык кызматтын, Монополияга каршы кызматтын, адистештирилген мекемелердин жана ведомстволордун жетекчилери жана адистери катышкан..

Текшерүүлөр сентябрдын аягына чейин уланат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости