www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айпери Медет кызы мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти

Балбан Айпери Медет кызы Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында биринчи атаандаштарын утту. 

Маалыматка ылайык, Айпери Медет кызы 76 килограммга чейинки салмактык категорияда күч сынашып, биринчи атаандашы болгон румыниялык спортчу Каталина Аксентени 11:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип алды.

Белгилей кетсек, күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты 16-24-сентябрь күндөрү Сербиянын Белград шаарында өтүүдө. Аталган мелдеште 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулат. Беттештер 10 салмак категориясында өтүп, жалпы 90 квота ойнотулууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости