www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Коргоо министри генерал-майор Руслан Мукамбетов Ош шаарындагы №11 аскер шаарчасынын аймагында 150 орундуу аскер госпиталынын курулушуна капсула салуу аземине катышты.

Жаңы медициналык мекеме Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө сапаттуу медициналык жардам көрсөтүү максатында заманбап талаптарга ылайык жабдылат.

Курулуш иштерин аяктоо жана объектти пайдаланууга берүү 2028-жылдын декабрь айына пландалууда.

Коргоо министри өз сөзүндө: «Бул долбоор аскер кызматчыларынын социалдык камсыздалышын жакшыртууда жана аскердик медицинанын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө маанилүү кадам болуп саналат», — деп белгиледи.

Последние новости