www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кара-Суу районунун аймагында 2 килограмм баңгизат менен 44 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-августта Ош шаарынын тургуну К.И.нин башкаруусундагы унааны тинтүү учурунда алдыңкы орундуктан 1 килограмм 936 грамм "гашиш" баңгизаты табылган.

Кылмышка шектүүгө карата КР Кылмыш-жаза кодексинин "Баңгизат каражаттарынын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

18-августта шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, ал 2 айга камакка алынды.

Учурда тергөө-оперативдик иш-чаралар улантылууда.

Булак: NazarNews.kg 
 

Последние новости