www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кемпир-Абад иши боюнча камакта олтургандар мекендештерге кайрылуу жасашты.
Кемпир-Абадчылардын билдирүүсүн төмөндө өзгөртүүсүз беребиз:
"Биз эмне үчүн ачкачылык жарыяладык?! Урматтуу мекендештер! 2023-жылдын 21-августунда судья М.Сыдыковдун кезектеги мыйзамсыз аракеттеринен кийин биз аргасыз ачкачылык жарыялоого мажбур болдук. Судья М.Сыдыков Кемпир-Абадчылардын үстүнөн жасалма токулган кылмыш ишти өз өндүрүшүнө албаганына эки ай 13 күн болду. 2023-жылдын 15-июнунда кабыл алган.
Ал ушул мөөнөттө КР КЖПКнын талаптарын бир нече жолу бузду:
1. КР КЖПКнын 283-б. ылайык “кылмыш иши судья тарабынан маңызы боюнча 2 айлык мөөнөттө чечилүүгө тийиш” – деп бекитилген. Судья М.Сыдыков соттук отурумду 2023-жылдын 7-июлуна дайындап коюп, бирок сот отурумун белгисиз себептер менен 2023-жылдын 14-августуна чейин өткөрбөй “жоголуп” жүрдү.
2. 2023-жылдын 14-августунда кезектеги сот отурумун 21-августка күн тартиби менен бекитип, бирок 21-августа аны аткарбай, эки минутка сот залына кирип, “сот отуруму 5-сентябрда болот” – деп коюп чыгып кетти.
3. Айрым айыпталуучулардын бөгөт коюу 14-августтагы өтүнүчтөрү 21-августта каралган жок. Мындай өтүнүчтөр КР КЖПКнын 124-беренесине ылайык, 3 суткадан кечиктирилбей чечилүүгө тийиш болчу.
4. КР КЖПКнын 304-беренесине ж.б. беренелердин талабына ылайык, судьянын бардык чечимдери соттук отурумда тараптардын пикирин угуу менен токтом түрүндө же протоколго киргизүү менен чыгарылат. Сот залында жарыяланат. Бирок судья М.Сыдыков КЖПКнын бир нече беренелерин одоно бузуп, өзүм билемдик кылып:
- Сот отурумун кийинкиге жылдырууда;
- Айыпталуучуларга кылмыш иштин материалдары менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн берүүдө;
- Айыпталуучулардан түшкөн өтүнүчтөрдү карабай, соттук отурум өткөрбөй, тараптардын пикирин укпай, өз кабинетинде чечимдерди өзү жеке алып, чечимдери сот залында жарыяланбайт.
5. КР Конституциясынын 100-беренесинин, КЖПКнын 291-беренесинин талаптарына ылайык, “сот иштин ачык териштирүүсүн камсыз кылуусу тийиш. Жабык соттук териштирүү судьянын жүйөөлөнгөн токтому менен 3 учурда жол берилет” – деп бекитилген. Судья М.Сыдыков Конституциянын жана КЖПКнын беренелерин одоно бузуп, 2023-жылдын 26-июнунда чыгарылган токтомунда “иш жабык соттук отурумда каралсын” деген бир эле сүйлөм менен жабык сот отурумун 7-июлга дайындаган. Бир дагы аргумент, жүйөө жазылган, көрсөтүлгөн эмес. Айыпталуучулардын “эмне үчүн соттук отурум жабык өтөт” – деген жүйөөлүү суроолоруна эки айдан бери жооп бербей, сот залынан чыгып кетип гана жүрөт.
6. Сот отурумун тараптардын тең укуктуулугун, атаандаштыгын камсыз кылуу үчүн шарт түзүлбөгөн. 24 айыпталуучуну, аларга кошуп дагы 20-30 конвой, сотприставдары менен 50м2 сот залына кой камагандай камап, сот процесси өтөт. Аба жетишпейт. Суу киргизилбей да чыр чыгат. Алдыда отурган судьянын, айыпталуучулардын, адвокаттардын сүйлөгөнү артта камалып отурган соттолуучуларга угулбайт. Кыйноо, укук коргоо, Омбудсмен институттары келип көрүп кетишин суранабыз! Мындай шарт КР КЖПКнын 18-беренесин судья М.Сыдыков тарабынан одоно бузгандык жана аткарбагандык катары бааланат.
7. 10 айдан бери биздин кылмыш иш боюнча тергөөчү, прокурор, соттор тарабынан жүргүзүлүп жаткан мыйзам бузуучулук, башаламандык боюнча КРнын Президентине, ж.б. тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилигине ондогон арыз, кайрылууларды жаздык. Бирок бир дагы жооп ала албадык!
Урматтуу мекендештер, достор жана туугандар, ушундай шартта өзүбүздүн бузулуп жаткан ден-соолуктарыбызга канчалык зыян келерин билсек да, протест катары ачкачылык жарыялоого аргасыз болуудабыз!
Сиздерди урматтап, Мыйзамсыз камакта отурушкан Кемпир-Абадчылар!
СИЗО-21, 23-август, 2023-жыл".
Белгилей кетсек, Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер 2022-жылдын октябрь айында камалган.
Аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.
Булак: NazarNews.kg