www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Канал-Невский щит” деп аталган эл аралык баңгизаттарга каршы операция алкагында Ош шаарында 6 кг нашаа сатууга аракеттенип жаткан жеринен эки адам кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Ыкчам мобилдү бөлүмдөрүнүн башкармалыгына Э. аттуу жарандан Ош облусунун аймагында өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражаттарын мыйзамсыз сактап жана сатуу аракеттерин көрүп жүргөндүгү жөнүндө маалымат келип түшкөн.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (“Сатуу максатында баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо”) каралган кылмыштын белгилери боюнча иш козголгон.
Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында 37 жаштагы М.А., 31 жаштагы Д.С. аттуу жарандар баңгизаттарын сатууга аракеттенип жаткан жеринен кармалган. М.А. аттуу жаранга таандык “ДЭУ-Матиз” үлгүсүндөгү унаанын ичинен нашаага окшош өзгөчө жытка ээ зат табылган. Ошондой эле Д.С. аттуу жаранга таандык “Хонда-Фит” үлгүсүндөгү унаадан жалпы салмагы 5 кг 859 гр түзгөн зат табылган.
Криминалистика кызматынын корутундусуна ылайык, алынган заттар нашаа болуп, жалпы салмагы 5 кг 859 гр түзгөн. Кармалган М.А. жана Д.С. Кара-Суу райондук милицясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмышка тиешеси бар жарандарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда.
Булак: NazarNews.kg