www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Путин Европага газ жеткирүү азаяарын жарыялады

“Түндүк агым” кууру аркылуу Европага газ жеткирүү июлда кыскарышы мүмкүн. Бул тууралуу Орусия президенти Владимир Путин Тегерандагы саммиттен кийинки маалымат жыйынында билдирди. Ал муну “Түндүк агым-2” газ кууру менен компенсациялоону сунуштады. Долбоор Орусия Украинага кол салганына байланыштуу токтоп калган.

Путиндин айтымында, келерки аптада "Газпром" газ турбиналарын ремонтко жөнөтөт, мындан соң “Түндүк агымдын” кубаттуулугу суткасына 30 миллион кубометрге чейин төмөндөйт. Орусия президенти эгер Германия санкциялардан улам Канадада кармалып турган турбиналарды кайтарып берсе, газ жетирүүнү чоң көлөмдө сактап калса болорун айтты.

Согуш башталгандан кийин “Газпром” газ жеткирүүнү алгач 167 миллиондон 100 миллион кубометрге чейин, кийинчерээк 67 миллион кубометрге чейин төмөндөткөн. Андан соң ал ремонтко токтотулган, газ жеткирүү 21-июлда жанданышы керек болчу.

Путин газ жеткирүүнү “Түндүк агым-2” кууру аркылуу компенсациялоону сунуштады. Долбоор Кремль Украинага кол салгандан кийин токтоп калган. Куурду немис бийлиги сертификациялаган эмес.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости