www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткендин Лейлек районунун тоолуу аймактарынын биринде 18-июль күнү чет өлкөнүн 37 жаштагы Н.А., аттуу жараны аныкталып, кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Ал мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүп, 2-июндан бери Лейлек районунун 64 жаштагы Б.И., аттуу тургунунун мал сарайында жумуш кылып, жан багып жүргөн.
Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренесинин (“Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү”) негизинде катталып, кармалган жаран убактылуу кармоо жайына киргизилген.
Ал эми мыйзамсыз миграция иштерин уюштурган 64 жаштагы Б.И.нын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.
Булак: NazarNews.kg