www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рынок экономикасы өзүнчө чоң өнөр, маданият. Мындай пикирин журналист, коомдук ишмер Эсенбай Нурушев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

--"Рынок эконмикасына кириш үчүн, аны түшүнүш үчүн калк экономикалык жактан сабаттуу болуш керек. Бизде, Борбор Азияда андай рынокко көнгөн эмес. Биз рынок маданиятын эмес, чайкоо маданиятын жайылтып, элди ошого көндүрүп алдык. Анын баары 90-жылдары башталган. Бир жагынан алып караганда бул нерсе аргасыздан болду. Себеби, жумуш жок, эл эмне кылаарын билбей калган. Так ошол маалда алып-сатарлар пайда болгон. Эми мына азыр ККМ аппараттарын киргизебиз деп жатышат. Бул өзү туура идея, чыныгы цивилдүү рыноктун мыйзамы. А бизде болсо чайкоо рыногу (спекулятивдүү) өкүм сүрүүдө. Биз аны чыныгы рынок деп кабыл алып алганбыз. Элди жалаң чайкоо рыногуна, алып-сатарлыкка көндүрүп алып, эми кассалык аппаратты койолу десе эл ага көнбөй жатат.

Азыркы биздеги көрүнүш 1937-жылды эске салат. Анда элди колхозго киргизүү абдан кыйынга турган. Мал мүлкүңдүн баарын алат экен, антет экен, минтет экен деп көбү кирүүдөн баш тарткан. Ошонун сыңары, элди экономикалык бир тартипке, бир эрежеге көндүрүш үчүн далай убакыт, күч кетет", - деп билдирди Нурушев.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги, материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости