www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош шаарында мурда жасалган автоунаа уурулугуна шектелген 2008-жылы туулган жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2-сентябрда Ош шаарынын 1994-жылы туулган тургуну милицияга кайрылып, 2-сентябрдан 3-сентябрга караган түнү «Honda Fit» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз жарандар айдап кеткенин билдирген.
Ошондой эле 3-сентябрда 1992-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, Ош шаарындагы Урицкий көчөсүндө токтоп турган «Honda Fit» унаасы 3-сентябрдан 4-сентябрга караган түнү уурдалганын билдирген.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси («Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу») менен кылмыш иши козголуп, шектүүнү аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлгөн.
Жыйынтыгында кылмышка шектүү катары Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кыргыз-Чек айылынын тургуну М.К. кармалган. Ал 2008-жылы туулган.
Шектүү уурдалган унаалардын турган жерлерин көрсөтүп, эки автоунаа тең ээлерине кайтарылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө М.К. буга чейин да автоунаа уурдоо жана уурулук боюнча соттолгону аныкталган.
Ош шаардык соту 7-сентябрда шектүүгө карата баш коргоо чарасын карап, аны бир ай мөөнөткө камакта кармоо чечимин чыгарган.
Сүрөттө: шектүү М.К.