www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы “Эмаком” курулуш компаниясынын өрт кырсыгынан улам күйүп кеткен батирлери Президенттин тапшырмасына ылайык толугу менен калыбына келтирилди. Ага ылайык бүгүн батирлерди ээлерине тапшыруу мааракеси болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриядан билдиришти.

Мааракеге Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Ныязбек Нурбаев жана жашоочулар катышышты.Мэр жашоочуларды жаңы конушу менен куттуктап, курулуш иштери өлкө башчынын тапшырмасынын негизинде тыкыр көзөмөлдө болгонун белгиледи. Ошондой эле Президент Садыр Жапаровдун атынан 2 лифт, өрт алган 6 батирдин ар бирине бирден муздаткыч жана кир жуучу машиналарды тапшырды. Ош шаарынын мэриясы тарабынан да 2 лифт орнотулуп берилди.

Последние новости