www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош шаарындагы медициналык борбордун имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүү Ленин көчөсү №2/1 дарегиндеги “Клиника Ош” ЖЧКсы тарабынан курулуп жаткан курулуш объектисинде өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты - аталган объектинин курулуш иштери мамлекеттик ченемдерге жана сейсмикалык коопсуздук талаптарына шайкештигин аныктоо. Иш-чаранын журүшүндө адистер имараттын долбоордук документтерин кылдат карап чыгып, конструкциялык бөлүктөрүнүн ишенимдүүлүгүн баалоого багытталган өлчөөлөрдү жүргүздү.

Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, аларды мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.

Последние новости