www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы тарабынан Курманжан Датка көчөсү, 420 дарегинде өз билемдик менен курулуп жаткан көп кабаттуу турак жай аныкталган. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга байланыштуу куруучу "Бизнес Хаус" ЖЧКга курулушту өз эсебинен буздуруу жана ишмердүүлүгүн токтотуу тууралуу Ош шаардык сотуна доо арыз келтирилип, мажбур иретинде өз эсебинен бузуу жана ишмердигин токтотуу боюнча Ош шаардык сотунун чечими чыккан.

"Бирок, ага карабастан "Бизнес Хаус" тарабынан курулуш иштери улантылып жаткандыктан КР Укук бузуулар жөнүндө кодексине ылайык, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, курулуш иштери токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости