www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш 30-июнда расмий сапар менен Өзбекстандын борбору Ташкент шаарына барды.

Эки күндүк сапар алкагында ал президент Шавкат Мирзиёев жана башка расмий өкүлдөр менен сүйлөшүү жүргүзөрү маалымдалган.

Сүйлөшүүлөрдө Өзбекстан менен БУУ жана анын институттары ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү, глобалдык саясат жана аймактык өз ара кызматташтык маселелерин талкуулоо пландалууда.

Антониу Гутерриш Борбор Азия сапары алкагында Кыргызстанга да келет жана Казакстанга, Тажикстанга, Түркмөнстанга барат. 4-июлда Астанада өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинде сөз сүйлөйт.

Гутерриш Кыргызстанда 1-3-июль күндөрү болорун, өлкө президенти Садыр Жапаровдун чакыруусу менен келатканын, ортодогу кызматташтык, эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер талкууланарын президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирген.

Последние новости