www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ошто сел агызып кеткен 4 жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, сел агызып кеткендер бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү – 1980-жылы туулган Д. Н. (аял киши), анын кыздары 2005-жылы туулган М., 2014-жылы туулган М. жана 2018-жылы туулган С. Алар Төлөйкөн айылындагы "Мөл-Булак" эс алуу борборунда эс алып жүрүшкөндө сел агызып кеткен.
Жеринде ӨКМдин куткаруучулары издөө-куткаруу ишин жүргүзүүдө.
Белгилей кетсек, бүгүн саат 14:00дөр чамасында катуу жаандан улам Ак-Буура дарыясынын деңгээли нугунан ашып, борбордук базарды, Төлөйкан айылын жана Озгур айылындагы Борубай-Ата эс алуу жайын каптаган. Акыркы маалыматтар боюнча, жеринде куткаруучулар 500гө жакын адамды эвакуациялап, учурда күчөтүлгөн режимде иштеп жатышат.