www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

13-январга караган түнү саат 01:26да Ош шаарынын борборунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн ортосунда криминалдык жаңжал чыккан.

Натыйжада, уюшкан кылмыштуу топтун бир мүчөсү арматура менен токмок жеп каза болсо, дагы бири оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Кылмышка шектүүлөр кармала элек.

Милициянын маалыматында, каза тапкан адам Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургуну болгон. Кылмыштуу топтун мүчөсү катары укук коргоо органдарынын каттоосунда турган. Жарадар болгон адам 1995-жылы туулган, Кара-Суу районунун тургуну. Ал дагы милициянын каттоосунда турган.

Ушу тапта "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча иликтөө иштери башталып, кылмышка шектүүлөргө издөө жарыяланды.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости