www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош шаарындагы тергөө абагында уурулукка айыпталып отурган 33 жаштагы киши каза болду. Бул тууралуу ЖАМКтын маалымат кызматы билдирди.

Көз жумган адам убактылуу кармоочу жайдан тергөө абагына 22-августта которулган. Ошол учурда ал жүрөгү ооруп жатканын айткан. ЖАМК билдиргендей, анын буттарында көгала тактар болгон.

"Ал тергөө абагынын медициналык бөлүмүнө жеткирилип, биринчи жардам көрсөтүлгөн. Бирок 24-августта саат 16:30дар чамасында эс-учун жоготкондуктан жанындагылар дарыгер чакыртышкан. Тез жардам кызматы келип анын каза болгонун аныктаган. Маркумдун сөөгү экспертизадан өткөрүлүп, туугандарына берилди", — деп жазылат маалыматта.

Аталган факт боюнча иш козголуп, иликтөө иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости