www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ош облусунда Кыргызстандан Өзбекстанга өтүүчү тоннель табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өтмөк чек арага жакын жайгашкан үйлөрдүн биринен табылган. Түштүк Фергана каналынын астынан өтүп, Өзбекстан Республикасынын айылдарынын бирине киргени аныкталган.

Ал эми шаты менен жабдылган өтмөктүн бийиктиги 1,5 метр, туурасы 80 сантиметрге чейин, алдын ала маалыматтар боюнча, узундугу 200 метрге чейин жетет. Бул факты боюнча КР Чек ара кызматы жана УКМК тарабынан тиешелүү чаралар көрүлүүдө деп айтылат маалыматта.

Айрым маалыматка караганда, аталган тоннелдер аткезчилик жүктү, акча чыгаруу жана башка кылмыштык максаттарда колдонулуп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости