www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жалал-Абад облусунда айылдашы эркек кишинин көзүнө ок чыгарганын аталган мекемеге облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, 8-февраль күнү саат 17:30да Бешик-Жон айыл аймагынын 1975-жылы туулган тургуну А.К. 1961-жылы туулган айылдашы Д.К.ны сол көзүнө атып салган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында жогорудагы кылмышка шектүү кармалды. Тинтүү учурунда алардан травматикалык тапанча, 5 даана ок жана бир гильза табылган.
Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ошондой эле наркологиялык экспертизанын жыйынтыгында шектүү мас абалында экени аныкталган.
Ал 2020-жылдын май айынан бери ыкчам топ кызматкерлери агенттигинде иштеген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги жабыркаган адамды аймактык оорукананын нейрохирургдары сактап калганын билдирген.
Булак: NazarNews.kg