www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядагы зилзаладан каза болгондордун саны 18 миңден ашты. Бул тууралуу жума күнү вице-президент Фуат Октай билдирди.

Өлгөндөрдүн саны 18 миң 342ге жетти, 74 242 киши жабыркап, 6444 имарат талкаланды.

Reuters кабарлагандай, коңшу Сирияда өлгөндөрдүн саны 3480 кишини түздү. Сириянын мамлекеттик басылмалары билдиргендей, 298 миң киши үй-жайсыз калды.

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, Түркия менен Сириядагы зилзала 23 млн кишиге, анын ичинде 1,4 млн балага залакасын тийгизиши мүмкүн.

Эскерте кетсек, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аталган           аймакта күчү 7,5 баллга жеткен жер титирөө кайталанган.

Түркияда 6 миңден ашуун имарат кыйрады. Түркиянын президенти Режеп Эрдоган бул 1939-жылы Эрзинжанда болгон жер титирөөдөн берки эң ири каргаша болуп калганын айтты. Түркияда 12-февралга чейин аза күтүү жарыяланды. Жер титирөө болгон өлкөнүн он аймагында үч айга өзгөчө абал жарыяланды. Бийлик апааттын кесепетин жоюу үчүн 100 млрд лира же 5,3 млрд доллар бөлдү.

Түркияга башка өлкөлөрдөн 5 миңден ашуун куткаруучу келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости