www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай куткаруу тобунун катышуусунда Түркиянын Антакья шаарында издөө-куткаруу операциясынын жүрүшүндө 20 жаштагы кыз урандылардын астынан 9-февралда жер титирөөдөн үч күн өткөндөн кийин куткарылды. Мындай маалыматты NazarNews маалымат агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги билдирди.
Кытай жана түрк куткаруучуларынын эки сааттан ашык биргелешкен аракетинин натыйжасында кыз кулап түшкөн 7 кабаттуу үйдүн астынан чыгарылды. Ал 80 сааттан ашык урандылардын астында калган.
Аман калган кыз дароо ооруканага жеткирилген.
Түркияда 6-февралда болгон катуу жер титирөөдөн каза болгондордун саны 18 миңден ашып, дагы 70 347 жарадар болуп, 30 360 адам жабыркаган аймактардан эвакуацияланганын Түркиянын табигый кырсыктар жана өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы 9-февралда билдирди.
Булак: NazarNews.kg